Бишкекте бүгүн “Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” аталышындагы кинофестиваль башталат
Бүгүн, 12-декабрда “Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” аталышындагы кинофестиваль башталат. Маалым болгондой, фестивалга КМШ, Балтия өлкөлөрү жана Грузиянын киночулары катышышат.
Уюштуруучулардын айтымында, эл аралык конкурска 13 тасма, улуттук конкурска 10 тасма калыстардын сынына коюлат. Фестиваль Бишкек шаарындагы “Манас” кинотеатрында саат 12:00дө башталат. Каалоочулар үчүн эшик ачык.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.