Бүгүнкүгө карата аба ырайы тууралуу маалымат
Бүгүн, 21-июнда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +16…+2, күндүз +27…+32,
Талас облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +27…+32,
Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +31…+36,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28,
Нарын облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27.
Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз айрым жерлерде 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +30…+32 градус болот.
Ал эми батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
кошулду


