"Бишкек троллейбус башкармалыгы" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери шаардагы мамыларды иретке келтирүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда калаа мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган башкармалыктын кызматкерлери борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасынын негизинде тирөөч мамыларды иретке келтирип, чапталган жарнамаларды тазалашууда.

Маалымдалгандай, башкармалыктын кызматкерлери эки жыл аралыгында шаардагы бардык мамыларды тазалап, сырдап, иретке келтирип келишкен. Бирок, убакыттын өтүшү менен мамыларда кайрадан ар кандай кулактандыруулар чапталып, алардын көрүнүшүн бузууда.

"Урматтуу шаар тургундары! Жарнамалык брошюраларды жана жарнактарды тирөөч маамыларга чаптабаңыздар!", - деп билдиришти мекемеден.