super.kg logo

Жолдорду оңдоо үчүн 84 даана жаңы атайын техникалар тапшырылды

 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 84 даана жаңы атайын техникалар тапшырылды. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, техникаларды салтанаттуу тапшыруу аземинде Бакыт Төрөбаев мамлекет башчынын тапшырмасы менен министрлер кабинети жол тармагын өнүктүрүү, материалдык-техникалык базасын жаңылоо жана жакшыртуу максатында тиешелүү министрликке техникаларды алуу үчүн республикалык бюджеттен тийиштүү каражат бөлүнгөнүн билдирди.

Мындай техниканын ишке кириши биздин жолдорду, инфраструктураны жакшыртууга жана коопсуздукту жогорулатууга зор мүмкүнчүлүктөрдү берет. Алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн ушул техниканы натыйжалуу колдонууну жана ага аяр мамиле жасоо аркылуу туура иштешин камсыз кылуу зарыл”, - деди Төрөбаев.

Ар бир чакырым жол – адамдар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачаарын белгилеген Бакыт Төрөбаев быйылкы жылы жол тармагында аткарыла турган айрым иштерди кошумчалады.

Жол тармагынын динамикалуу өнүгүшүнө өзгөчө колдоо көрсөтүлүүдө. Ушул жылы тармактык долбоорлорду ишке ашырууга бюджеттен 6 миллиард сомдон ашуун каражат каралды. Жылдын аягына чейин республика боюнча 855 чакырым жолду куруу жана оңдоо пландаштырылган, алар 587 чакырым – асфальт төшөө, 178 чакырым – жолду бодурлоо (ШПО) жана 90 чакырым – шагыл иштери жүргүзүлөт”, - деди ал.

Белгилей кетсек, өлкөнүн жол тармагына 669 даана техника сатып алынат. Анын ичинен бүгүн алгачкы 84 даана техника алынып келинди, жакынкы убакытта дагы калган техникалар алынып келинет.

Алынып келинген техникалар: заманбап автосамосвалдар, автогрейдерлер, автомиксерлер, суу ташуучу транспорттор, сүргүчтөр (тягачтар), битум ташуучу техникалар, бульдозерлер, погрузчиктер, экскаваторлор, тралдар, бензовоздор, асфальт төшөө жана башка техникалар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: