super.kg logo

Жалал-Абаддын Жээнбеков айылы таза суу менен камсыз болду (фото)

 

Жалал-Абад шаарынын Тайгараев аймактык башкаруусундагы Сатыбалды Жээнбеков айылында таза суу чыгарылды. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Белгиленгендей, шаар бийлиги 200 түтүн жашаган аталган айылды ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн кошумча резервуар жана скважина куруп берген. Учурда таза суу 130 метр тереңдиктен насостун жардамында чыгарылууда.

Аталган айылдын жашоочулары буга чейин атайын суу ташуучу унаалар менен кудуктарына суу толтуруп, күнүмдүк керектөөсүнө пайдаланып келген.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын каржылоосу менен “Жалал-Абад шаарынын суу жана саркынды суу тутумун реабилитациялоо” долбоорунун экинчи фазасы ишке ашырылып жатат. Жалпысынан экинчи фаза менен шаарда 8 чакырым саркынды суу түтүктөрү жана 40 чакырым суу түтүктөрү тартылат. Ошондой эле №2 саркынды сууларды кабыл алуу жайы жаңыланат.

Ал эми алдыда шаар бийлигинин тапшырмасы жана элдин суроо-талабы менен "Жалал-Абад сууканал" башкармалыгы Тайгараев аймактык башкаруусундагы таза суусу жок 7 айылга суу чыгарууну пландап жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: