super.kg logo

"Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясы 26-июндан 1-июлга чейин ойнотулат  

 

Ушул жылдын 26-июнунан 1-июлуна чейин "Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясынын биринчи туру өтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, биринчи этаптын байге фондунда 1170 баалуу байге бар, анын ичинде 10 электромобиль, Дубайга эки кишилик 3 жолдомо, 500 iPhone 14, 500 смартфон, 150 ноутбук жана Дайсон маркасындагы 20 фен бар.

Лотерея салык кызматынын Facebook баракчасында жана YouTubе каналында түз эфирде 1170 байге ойнотулат. Күн сайын 234 адам баалуу байгенин ээси болушат.

Негизги иш-чара 1-июлда "Ала-Тоо" аянтында болуп, анда 10 электромобиль жана чет өлкөгө 3 жолдомо ойнотулат.

Белгилей кетсек, лотереяга катышуу үчүн "Салык чек" тиркемесин жүктөп алып, каттоодон өтүү керек. Товарларды же кызматтарды сатып алган сайын, фискалдык модулу бар ККМдин кассалык чегин талап кылып, андан кийин аны тиркеме аркылуу сканерлөө керек. Ар бир топтолгон 1000 сом үчүн 1 ID-номер ыйгарылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: