"Алтын сертификат" алган Мээрим: "Акыркы болуп сертификат алгандардын катарына кошулуп калсам экен дегем"



Быйыл жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку упай топтоп, “Алтын сертификат” алуу укугуна 54 окуучу ээ болду. Алардын бири Мээрим Аскарбекова. Ал 224 упай алып, өлкөдөгү эң алдыңкы бүтүрүүчүлөрдүн катарын толуктап отурат. Мээрим учурда Талас шаарындагы “Мээрим-Себат” эл аралык кыздар лицейинин бүтүрүүчүсү. Биз аны менен байланышып, кубанычына ортоктош болдук.
- Саламатсыңбы, Мээрим! "Алтын сертификатка" ээ болушуң менен куттуктайм. Сертификатка ээ болгонуңду алгач кимден уктуң?
- Саламатсызбы, чоң рахмат. Окуучулардын ЖРТга даярдаган "Үмүт" деген WhatsApp группасынан "Мээрим куттуктайм!" деп жазып калышты. Бир жагынан таң калсам, бир тарабынан сүйүнүп жаттым. Анан "Силер кайдан көрүп жатасыңар?" деп сурасам, группадагылардын бирөөсү сайттын шилтемесин жөнөттү. Сайтка кирип карасам, менин атым бар экен, аябай сүйүндүм.
- Эң биринчи кимге чалып сүйүнчүлөдүң?
- Эң биринчи апама чалдым, андан кийин таенеме чалып сүйүнчүлөдүм. Көп өтпөй классташтарым, мугалимдерим чалып куттуктап жатышты. Учурдан пайдаланып мага билим берген эжей-агайларыма ыраазычылыгымды билдиргим келет. Ар дайым колдоп келген үй-бүлөмө, жакындарыма да рахматымды айтам. Менин ушундай ийгиликке жетүүмө алардын эмгеги чоң.
- "Алтын сертификат" алам деп ойлодуң беле?
- Ошол күнү эртең менен биринчи Чүйдүн жыйынтыгы чыгыптыр. Кийин биздин "Үмүт" группасындагы бир окуучу "Алтын сертификат" алганын уктук. Угуп алып, өзүмдү ойлоп жаман болдум. Албай калдымбы деп кыжалат болдум. Бирок үмүтүмдү үзбөй күттүм. Акыркы болуп калсам да, сертификат алган 50 окуучунун катарына кирип калсам экен деп ниет кылдым. Анан жыйынтыгын укканда аябай сүйүндүм.
- Кайсы кесиптин ээси болгуң келет? Кайсы Жогорку окуу жайына тапшырууну ниет кылып жатасың?
- Мен негизи математика, информатика сабактарын жакшы көрөм. Быйыл облустук олимпиададан математика боюнча биринчиликти алгам, бирок республикада орунга ээ боло алган жокмун. Келечекте да математика, информатика тармагына тиешелүү багытта кесип тандагым келет. Ал эми кайсы жогорку окуу жайына тапшыра турганымды азырынча чече элекмин.
- Маегиңе рахмат. Ийгилик каалайбыз!

