super.kg logo

Кыргыз драма театры "Төлгө" спектакли менен 96-сезонун расмий жапты (фото)

 

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры 96-сезонун расмий жапты. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Белгиленгендей, бул күнү театр сүйүүчүлөрүнө Жалил Садыковдун "Төлгө" спектакли тартууланды.

Театрдын сезондук жабылуу аземине Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жаштар саясаты башкармалыгынын башчысы Аскар Шайкидинов катышып, министр Алтынбек Максутовдун куттуктоо сөзүн окуду.

Театрдын директору Асылбек Өзүбеков театр күзүндө кайрадан күйөрмандар менен жолугарын билдирип, чыгармачыл жамаат күзгө чейин жаңы спектаклдерди жаратуунун үстүндө иштээрин кошумчалады.

Ал эми буга чейин 16-17-18-июнь күндөрү аталган театрда Чыңгыз Айтматовдун калемине таандык "Кызыл жоолук жалжалым" повестинин негизинде коюлган "Ашуу" спектаклинин премьерасы болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: