super.kg logo

Акын Эсенгул Ибраевдин өзбек тилине которулган "Бийчи көпөлөктөр" ыр жыйнагынын бет ачары өттү  

 

Кыргыз эл акыны Эсенгул Ибраевдин 90 жылдыгына арналган “Күндөр - менин канатым” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция жана акындын өзбек тилине которулган “Бийчи көпөлөктөр” аттуу китебинин бет ачары өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлады.

Маалым болгондой, иш-чара бүгүн, 21-июнда Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада өткөн.

Ага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршиду Мирзахидов, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков, Эл аралык Кувейт университетинин ректору, профессор Аскарбек Байсеркеев, Эсенгул Ибраевдин жубайы, Э. Ибраев атындагы коомдук фонддун төрайымы Саткын Абдрахманова, публицист Кубан Мамбеталиев, акындын "Бийчи көпөлөктөр" китебин өзбек тилине которгон котормочулар, филология илимдеринин доктору Баходыр Рахманов, жазуучу Бегижан Ахмедов ж.б. бир катар адабият, маданият ишмерлери катышты.

Иш-чаранын соңунда акындын "Бийчи көпөлөктөр" китебин өзбек тилине которгон өзбек элинин котормочусу Баходыр Рахманов менен жазуучу Бегижан Ахмедовго Эл аралык Кувейт университетинин ардактуу профессору наамы тапшырылды.

Белгилей кетсек, акын Эсенгул Ибраев Кыргыз эл акыны жана сатириктеринин бири, коомчулукка журналист, публицист катары да белгилүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: