super.kg logo

Таласта милиция кызматкери жашы жете элек кызды зордуктоону жашырганга шектелүүдө

 

Талас облусунда жашы жете элек кызды зордуктоо фактысын жаап-жашырып, ал үчүн пара алган Талас районунун ички иштер башкармалыгынын айылдык милиция бөлүмүнүн башчысынын ишин иликтөөнү аяктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 2023-жылдын март айында Талас РИИБнин айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы Ю.А., жаш кызды айылдашы тарабынан зордукталгандыгы жөнүндө маалыматты алып, тез арада мыйзам чегинде чара көрүүнүн ордуна кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, шектүүнү чакырып, андан 70 миң сом өлчөмүндө пара алып, жогорудагы өзгөчө оор кылмышты жаап-жашырган.

Талас облусунун прокуратурасы бул жаап-жашырылган өзгөчө оор кылмышты аныктап, айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жетекчиси Ю.А.ны камакка алган, ал кылмыш-жаза кодексинин 342 (пара алуу) жана 367 (кылмышты жаап-жашыруу) беренелери менен кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Учурда тергөө аяктап, иш соттун кароосуна жиберилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: