Сузакта 24 жаштагы жигитке чагылган тийип каза болду
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 24 жаштагы жигитке чагылган тийип каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, окуя 19-июнь күнү болгон. Анда талаада иштеп жүргөн 24 жаштагы жигитке чагылган тийген. Жигит алган жаракатынан улам ошол жерде каза болгон.
Бул факты журналга катталды, туугандары маркумдун сөөгүн экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.