Кытайда ресторандагы жарылуудан 31 адам каза тапты
Кытайда ресторандагы жарылуудан 31 адам каза болду. Бул тууралуу Синьхуа маалымат агенттиги жазып чыкты.
Маалыматка караганда, окуя кечээ, 21-июнда Нинся-Хуэй автономдук районунун Инчуан шаардык округунда болгон. Анда ресторандардын биринде газ баллону жарылган. Кырсыктын кесепетинен 31 адам каза болуп, дагы 7 адамдын ооруканага жеткирилгени кабарланды. Ошондой эле кардарлар менен кызматкерлерди кошкондо жалпы 38 жарандын жаракат алганы айтылууда.
Учурда окуя болгон жерде териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бийлик каза тапкандардын саны өсүшү мүмкүн экенин эскертти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:19
2025-07-15
21:23
2025-07-15
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.