super.kg logo

Адахан Мадумаров депутаттардын чечими боюнча үн катты

 

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Башкы прокуратуранын сунушу боюнча Жогорку Кеңештин токтомуна комментарий берди.

"Мен сөзүмдө айттым, бүгүн ошол комиссиянын төрайымы Башкы прокурорго караганда 5 эсе көп прокурордун жумушун аткарып, кээ бир кесиптештерибиз ушунчалык жан үрөштү. Эми түшүнөм, бирөөгө пенсия керек болуп жатат, бирөөгө дагы бир таанышын бир жерге орноштуруу керек болуп жатат. Аларга таарынычым жок, алардан бийик болуш керек", - деди Мадумаров.

Ошондой эле ал Ак үйдүн алдына чогулган тарапташтары менен өзү чыгып жолукту.

Эске салсак, 31-майдагы парламенттин жыйынында Башкы прокуратура Жогорку Кеңешке Адахан Мадумаровду жоопкерчиликке тартуу боюнча сунуш киргизгени маалым болгон.

Ошол эле күнү аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушун кароо үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн.

Бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңеш Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдугун берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: