Президенттин сынынан кийин "Кыргызфармация" ишканасына 1 миллиард сом бөлүндү
Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасына 1 миллиард сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, каражат министрлер кабинетинин ушул жылдын 21-июнундагы тескемесинин негизинде бөлүнгөн. Ага дары-дармек жана медициналык буюмдарды сатып алууну камсыз кылуу каралган.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров өткөн аптада өлкөнүн саламаттык сактоо тармагынын актуалдуу маселелери боюнча жумушчу кеңешмеде Саламаттык сактоо министрлигин жана Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун сынга алган. Буга "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасына толук кандуу иштөө жана өндүрүш заводдору менен жаңы келишимдерди түзүү үчүн азыркыга чейин бюджеттен каражат бөлүнбөгөндүгү себеп болгон.


