Өзбекстандын жараны талаадагы саманды өрттөгөнү үчүн 118 миллион сум зыян келтирүүгө айыпталууда
Өзбекстандагы Ташкент облусунун тургуну талаадагы саманды өрттөп, жаратылышка 900 миң сомго жакын зыян келтирген. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Экология министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, окуя Чыназ районундагы дыйканчылык кылынган аймакта болгон. Анда 11,6 гектар саман калдыктары күйүп кеткен. Өрттүн кесепетинен бак-дарактар күйүп, келтирилген зыяндын суммасы 900 миң сомду (118 миллион сум) түзгөн.
"Адистер кырдаалды иликтеп чыгышты. Өрттүн кесепетинен талаада катар өскөн 20 тыт дарагы жабыркап, 11 дарактын күйүп кеткени белгилүү болду", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми саман калдыктарын өрттөгөн жаран түшүндүрмө берип, келтирилген зыяндын көлөмүн изилдеген адистер корутундуну райондук прокуратурага өткөрүп беришкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:19
2025-07-15
21:23
2025-07-15
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.