super.kg logo

Евгений Пригожиндин кеңсесинен 4 миллиард рубль табылды

 

"Вагнер" аскердик компаниясынын лидери Евгений Пригожиндин Санкт-Петербургдагы кеңсесин тинтүү учурунда ири суммадагы акча табылды. Бул тууралуу Фонтанка.ру басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, Евгений Пригожиндин кеңсеси деп болжолдонгон Санкт-Петербургдагы "Трезини" мейманканасын тинтүү учурунда кызматкерлер эч кимге таандык эмес ак түстөгү Газель унаасын табышкан. Кызматкерлер унаадан жардыруучу зат бар-жогун текшере келгенде кутучаларга салынган жалаң 5000 рубль купюралар табылган.

Эсептөөдөн кийин ал жерде 4 миллиард рублга жакын акча бар экени аныкталган.

23-июнь күнү кечинде "Вагнер" жеке аскердик команиясынын башчысы Евгений Пригожин Орус армиясы жалданма аскерлердин арткы лагерлерине ракеталык чабуул жасаганын билдирди. Анын айтымында, Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Ростовго учуп барып, ал жерде жалданма аскерлерди жок кылуу операциясын өзү жүргүзгөн.

Пригожин Шойгу Ростовдон коркоктук менен качып кеткенин кошумчалады. Орусиянын Коргоо министрлиги бул маалыматты провокация деп атады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: