super.kg logo

Биринчи класска электрондук каттоонун экинчи этабы башталды  

 

Бүгүн, 26-июнда мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына электрондук каттоонун экинчи этабы башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, II этапта жарандар жашаган дарегине карабай 26-июндан 31-августка чейин каттоодон өтсө болот.

Белгилей кетсек, биринчи этап – юридикалык жашаган жери боюнча 10-апрелден 25-июнга чейин жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына 81 миң 396 бала кабыл алынса, анын ичинен 1 миң 967 бала жеңилдик менен кабыл алынган.

Мектепке электрондук каттоодо мыйзамдуу жеңилдикке (артыкчылыкка) ээ болгон жарандар бар.

Алар:

- Аскер кызматкерлеринин балдары;

- Кайрылман статусу бар этникалык кыргыздар;

- Үстүбүздөгү жылдын сентябрына карата бир жылдан кем эмес мектепте иштеген мугалимдердин жана штаттык кызматкерлердин балдарына.

Аталган жарандар аскер кызматында, мектепте иштегенин жана кайрылман статусу бар экендигин тастыктаган маалым катты тиркөөгө тийиш.

Электрондук каттоо боюнча биринчи класска өтүнмө берүү үчүн уюлдук телефон же компьютер аркылуу интернетке кирүү керек. https://mektep.edu.gov.kg/ порталын ачып, башкы беттеги көрсөтмөлөрдү аткаруу зарыл.

Кененирээк маалымат алуу үчүн https://mektep.edu.gov.kg/faq?type=SCHOOL шилтемесине кирсе болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: