Арча-Бешиктеги суу маселеси качан чечилери айтылды (видео)




Бишкекте таза суу маселесин жеңилдетүү үчүн жаңы суу түтүктөрү орнотулууда. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда мэрия тарабынан уюштурулган пресс-турда мэрдин орун басары Жыргалбек Шамыралиев айтты.
Анын айтымында суунун тартыштыгы боюнча мэрия шаардын эки аймагында иштерди жүргүзүп жатат. Арча-Бешиктеги суу маселесин чечүү үчүн Адышев көчөсүнө жаңы суу түтүктөрү орнотулууда.
"Адышев көчөсүнө суу түтүгүн орнотуу боюнча иштер жүрүүдө. Аткарылып жаткан иштин максаты - Орто алыш суу топтомунан түштүк-батыш суу топтомуна сууну которуу менен Орто алыш суу топтомунун ишин жеңилдетебиз. Аны менен катар суу жетпеген конуштарга которуу боюнча иштер жүргүзүлөт. Ушундай эле иштер Көк-Жар конушунда 2-деңгээлдеги суу топтому иштерин жүргүзөбүз. Эң башкы максаттарыбыздын бири бир бөлүк абонентти башка суу топтомуна которуу. Учурда Арча-Бешик конушуна суу график менен берилүүдө. Биз ошол маселени чечүүнү тездетип жатабыз", - деди мэрдин орун басары Жыргалбек Шамыралиев.
Мындан тышкары "Бишкек суу канал" өндүрүштүк-эксплуатациялык ишканасынын жетекчиси Талайбек Орозов 1 чакырым суу түтүктөрүн орнотуу иштери белгиленген убакыттан эртерээк бүтүп калышы мүмкүн экендигин айтты.
"Түштүк-батыш суу топтомунан баштап Айни көчөсүнө чейин узундугу 1 чакырым суу түтүктөрү салынып жатат. Бүгүнкү күндө анын 500 чакырымы салынып бүттү. Курулуш иштерин 2 ай аралыгында бүтүрүү пландалган. Бирок жумушчулар 10-июндан баштап тынымсыз иштеп жаткандыгына байланыштуу андан да эрте бүтүп калышы мүмкүн", - деди Талайбек Орозов.
Жыргалбек Шамыралиев суу маселеси тууралуу
