Бишкектин мэри: "ЖЭБди газга өткөрсөк жылуулукка болгон баа кымбаттайт"
Бишкек жылуулук электр борборун газга өткөргөн учурда жылуулук берүү жана электр энергиясына болгон тарифтер кымбаттайт. Бул тууралуу шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров кечээ, 26-июнь күнү Свердлов районунун тургундары менен болгон жолугушуу учурунда билдирди.
Ал шаарды кыш мезгилинде каптаган түтүндөн арылтуу максатында ЖЭБге Кара-Кеченин көмүрүн жагууну чектеп, Казакстандан түтүндү аз бөлүп чыгарган көмүр ташып келүү маселеси каралып жатканын белгиледи. Ошондой эле ЖЭБди толугу менен газга өткөрүү меселеси да талкууланып жатканын кошумчалады.
"Эгерде Бишкек шаарын газ менен жылытуу системасына өткөрсөк, анда жылуулукка жана электр энергиясына болгон тарифтер кымбаттайт. Мен муну ачык айтып коюшум керек. Сиздердин макулдугуңуздар биз үчүн абдан маанилүү. Биз Экология министрлиги менен бирге дагы сурамжылоо жүргүзөбүз", - деген калаа башчысы Абдыкадыров.
Белгилей кетсек, Бишкек шаары ар жылы кыш мезгилинде абасы кир шаарлардын рейтингинде алдыңкы орундарга чыгып келет. Бир катар эксперттер мунун башкы себептеринин бири ЖЭБден бөлүнүп чыккан кара түтүн экендигин белгилеп, калааны тез арада газ менен жылытуу системасына өтүү керектигин айтып келишет.
Бишкек шаарынын мэри калаадагы ыш маселесин чечүү жолун атады

