super.kg logo
  Саясат  

Эсенгул Исаков, депутат: “Карганбек Самаков эми боз үйдү кыргыздын атынан ЮНЕСКОго каттатам деп жатат”

 

“Кесиптешибиз Карганбек Самаков кийинки жылы боз үйдү Кыргызстандын атынан каттатам деп аракет кылууда. Жакында “Манас” эпосун ЮНЕСКОго каттатты. Угушумча ага “Манас” орденин берип койсок болот” деген сөздөр айтылып жатыптыр. Бул туура эмес, Самаковго “Ак шумкар” орденин беришибиз керек”. 

Муну бүгүн, 12-декабрдагы парламент жыйынында депутат Эсенгул Исаков айтты. Айта кетсек, ЖКнын мурунку жыйынында Самаковго эң жогорку мамлекеттик наамды берүү сунушталып, көпчүлүк депутаттар сөз жүзүндө колдоого алышкан болчу.

“Эмгек кылган адамды көзү тирүүсүндө сыйлайлы. Карганбек Самаковдун аракети менен “Манасты”, аны менен бирге кыргызды дүйнө жүзү таанып отурат”,- деди Исаков. 

Эске салсак, 4-декабрда “Манас” үчилтиги ЮНЕСКОнун тизмесине Кыргызстандын атынан катталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: