super.kg logo

Чүйдө тайган иттерине арналган фестиваль болуп өттү 

 

Бүгүн, 27-июнда Бурана мунарасы археологиялык-архитектуралык комплексинин аймагында "Taigan Fest" эл аралык этнофестивалынын ачылышы өттү. Бул тууралуу Туризм департаментинен билдиришти.

Маалым болгондой, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев фестивалды ачып жатып бул элибиздин улуу мурасын барктоо, сактоо жана көбөйтүү боюнча дагы бир чоң иш-чара экенин белгилеген.

Иш-чаранын максаты - улуттук мурастын элементтерин сактоо, туризм тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, жаңы туристтик продукцияларды жана маршруттарды түзүү. Бүгүнкү күндө улуттук мурастын элементи катары аңчылык иттердин тукумун сактап калуу зарыл. Буга байланыштуу тайганды эл аралык деңгээлде таанытуу иштеринин алкагында "Тайган кол өнөрчүлүгүнүн билими жана көндүмдөрү" номинациясын ЮНЕСКОнун репрезентативдик тизмесине каттоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, Кыргызстандын материалдык эмес Улуттук маданий мурастарынын элементтеринин тизмеси "Тайган таптоо билими жана көндүмдөрү" жаңы номинациясы менен толукталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: