super.kg logo

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары иш сапары менен Францияга барды

 

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Францияга иш сапары менен барып, аталган өлкөдөгү Кыргызстандагы элчилигинин ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлайт.

Белгиленгендей, эл өкүлү ошондой эле элчи Садык Шер-Нияз баштаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуп, көйгөйлүү маселелерди талкуулады.

Баарлашуу маалында Францияда жашаган кыргызстандыктарга кыргыз тилин окутуу, айрыкча балдарга эне тилин, улуттук маданиятын, каада-салтын үйрөтүү жаатындагы маселелер айтылды.

Ага ылайык, кыргыз тилинен мугалим бөлүп берүүнү, чет жердеги балдарды онлайн окутуу үчүн атайын интернет портал ачууну сунушташты.

Мындан тышкары, айдоочулук күбөлүк алуу көйгөй жаратып жатканын айткан мекендештер аталган маселени да чечүүгө көмөктөшүүнү өтүнүштү. Ошондой эле чет жерде жашаган кыргызстандыктар жыл сайын чогулуп, форум өткөрүү демилгесин көтөрүштү.

Айтылган бардык маселе эске алынарын айткан төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев чет өлкөдөгү мекендештерди колдоо багытында парламентте жасалып жаткан иштерге токтолду. Анын ичинен Жогорку Кеңештин төрагасына караштуу Миграция кеңеши бар экенин, анын алкагында бир топ жумуштар аткарылып жатканын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.06.2023. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мамлекеттин акчасынын сапырып уй-булосу менен саякаттап журот да жепжутар арамдар. Бир эки расмий жолугушуу откорот, эшектин тушоосун кеспеген, для отчетности.......
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: