super.kg logo

Суу үстүндөгү мечит, ылдам жүрүүчү поезддер... Асман шаарынын 3D форматы көрсөтүлдү (видео)

 

Бүгүн, 30-июнда Ысык-Көл облусунда заманбап Асман шаарынын курулушуна старт берүү иш-чарасы өтүүдө. Ага президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана башка бийлик өкүлдөрү, чет элдик коноктор, инвесторлор жана жергиликтүү тургундар катышууда.

Иш-чаранын башында келген конокторго Асман шаарынын 3D форматтагы көрүнүшү көрсөтүлүп, калаанын инфратүзүмү кыскача баяндалды. Ага ылайык шаар 4 бөлүккө: Акылдуу шаар, Көңүл ачуу шаары, Спорт шаары жана Соода-сатык шаары болуп бөлүнөт.

Акылдуу шаарда мыкты архитектуралык үлгүдөгү имараттар, акылдуу унаа токтотуучу жайлар, окуу жайлар, ылдам жүрүүчү поезд станциялары, сейил бактар, ооруканалар, аба майданы жана жарымы суу үстүндө жайгашкан дүйнөдөгү эң чоң мечиттердин бири орун алат.

Ал эми Көңүл ачуу шаарында ресторандар, мейманканалар, дүйнөлүк стандарттагы соода борборлору, сейил бактар, асман тиреген имараттар жайгашкан.

Спорт шаарында футбол стадиону, гольф талаалары, ат майданы, суудагы спорт түрлөрүнө арналган борборлор, жабык спорт ареналары орун алган.

Ошондой эле соода-сатык шаары дүйнөгө белгилүү компаниялардын кеңселери, жасалма интеллект менен байланышкан кызматтар, дүйнөлүк банктардын кеңселери жана башкалардан турат.

Белгилей кетсек, Асман шаары Кыргызстандын тарыхындагы эң ири долбоор. Шаардын курулушу толугу менен алдыңкы 10 жылдыкта бүтөрү болжолдонууда.






Асман шаары

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: