Баткенде 2 миллион сомдук аткезчилик жүк аныкталды





Баткенде 2,2 миллион сомдук аткезчилик жүк аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.
"Э.Д. аттуу Кыргыз жаранынын башкаруусундагы Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унааны текшерүү учурунда Кыргызстанга ташып келүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган жүк коштоочу документтери жок айнек аныкталды", - деп айтылат билдирүүдө.
Жүктүн жалпы салмагы 15 миң 484 килограмм, орточо базар баасы 2 миллион 259 миң 750 сомду түздү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.