super.kg logo

Үйдү канткенде арзаныраак жылуулап, жылытууга кеткен акчаны үнөмдөй аласыз?

 

Үйдү жылуулоо көмүрдү жана башка казылып алынган отундарды 50 пайызга аз күйгүзүүгө жардам берет, бул болсо парник газдарын бөлүп чыгарууну да азайтып, абанын сапатын жакшыртат. Ошондуктан үйлөрдү жылуулоо чараларын көрүү климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө жана жаратылыш ресурстарын сактоодо чоң мааниге ээ.

Сөзүбүздүн соңунда айтаарыбыз, үйдү жылуулоо энергиянын натыйжалуулугун жогорулатууда жана ресурстарды керектөөнү азайтууда маанилүү кадам болуп саналат. Дубалды, шыпты жана полду жылуулоо сыяктуу жөнөкөй жана жеткиликтүү жылуулоо ыкмалары үйдүн ичиндеги жылуулукту сактоого жана айлана-чөйрөгө терс таасирин азайтууга жардам берет.

Үйдү жылуулоо – бул сизге ыңгайлуу жашоону гана камсыз кылбастан, ошону менен бирге экономикалык жана экологиялык пайда алып келе турган келечекке жасалган инвестиция. Үйдүн аң-сезимдүү кожоюну болуп, ар бир адам экологиялык таза планетанын пайдасына чара көрө алат. Бүгүндөн тарта үйүңүздү жылуулап, жашоо үчүн туруктуу жана энергияны үнөмдөөчү чөйрөнү түзүүгө салым кошуңуз.

#ЭкоЖаша

“Курама Стори Лаб” коомдук фонду “ЭкоЖаша” маалыматтык өнөктүгүн жана анын алкагында конкурсту өткөрүү демилгесин көтөрдү. “Курама Стори Лаб” буларды Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырууда.

Июнь айынын ичинде @kuramastory баракчаларында жана ЖМКда өлкөбүздүн булуң-бурчунда жашап, глобалдык климаттык кризисти чечүүгө өз салымын кошуп жаткан мыкты адамдардын окуялары жарыяланып турмакчы. Бул адамдардын мисалдары көпчүлүгүбүздү шыктандырып, күч-аракетибизди бириктирип, климаттын өзгөрүүсү сыяктуу коркунучтун мизин кайтара алабыз деп үмүттөнөбүз.

Биз, адамдар, жаратылыштын жана анын циклдеринин бир бөлүгү болуп саналабыз. “Адам табиятты изилдеп, аны багындыра алды” деп ойлогон күндө да, биз жаратылыштан абдан көз карандыбыз. Экосистемага тийгизип жаткан таасирибиз күнүмдүк жашообузда да олуттуу из калтырууда. Бирок жашаган жерибизде, кадыресе жашоодо да оң жылыштарга жетүүгө болот. Чакан иштер деле жаратылыштын абалын жана планетадагы жашообузду жакшыртууга салым кошо алат. Анда эмесе, чоң жана мээримин аябаган үйүбүз – планета үчүн жакшы иштерди чогуу жасап көрбөйлүбү!

“Курама Стори Лабдын” социалдык тармактардагы маалымат өнөктүгүнө кошулуңуз!

Инстаграм: https://www.instagram.com/kuramastory/

Фейсбук: https://www.facebook.com/profile.php?id=100076214776430

Ютуб: https://www.youtube.com/@eco312






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: