super.kg logo

"Таң атканча уктай албай, албарсты басып чыгат". Күмөндөр Абылов тойлор 3 саатка эле созулсун деген пикирин сунуштады

 

Тойдун убактысы 3 саатка эле созулсун. Кечки саат бештен баштап, түнкү саат экиге чейин жанагындай ызы-чууда жүрүп, таң атканча уктай албай, албарсты басып чыгат. Бул тууралуу Кыргыз Эл артисти Күмөндөр Абылов Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

"Мен силер менен көптөн бери эле, бир маселе жөнүндө ой бөлүшүп, силердин талкууңарга салгым келип жүрөт. Мен бул оюмду тээ, Түгөлбай Казаков агайыбыз маданият министри болуп турган кезде эле, а кишиге оозеки да, кат түрүндө да кайрылып айткан элем.

Азыр көп кишинин жашоосу той менен өтүп, той менен оокат кылып жатышпайбы. Кафе, ресторандардан баштап, мал сатканы, нан сатканы, гүл сатканы, конфет, арак, суусундук саткандардан бери, ырчы-чоорчу, тамада, официант, таксисттер баары тойдун арты менен жан багышат эмеспи. Негизи, тойдон Кудай айрыбасын. Той жакшы да. Мурда тойдун сезону күзүндө башталса, азыр жылдын бардык мезгилинде болот. Ошентсе да тойду өткөрүү тартиптерин шартка жараша өзгөртпөсөк болчудай эмес. Азыр саат бешке чакырылган той, жетиде башталат да, он экиден өтүп, бир, экиге чейин барып бүтөт.

Тамадалар жаттап алган акылдуу сөздөрүн тиешеси бар жерде да, жок жерде да айтып туруп алгандарычы. Оюн ойнотом дешип, оюнга катышкандарды келекелеп, айылдан келген конокторго тосту жөн бербей, басмырлап, ар кандай ыңгайсыз акыбалга кептеп, алардын сүйлөгөнүн туурап, шылдыңдап тургандары жагымсыз. Өзгөчө чет өлкөлөрдөн келген коноктордон уяласың. Кечки саат бештен баштап, түнкү саат экиге чейин жанагындай ызы-чууда жүрүп, таң атканча уктай албай, албарсты басып чыгат. Эртеси жумушка баргың келбей, барсаң да иштегиң келбейт. Мен буларды айтпасам да, баарыңар билесиңер.

Депутаттарыбыз баары жоктун баарына эле мыйзам чыгарышат. Менин оюмча тойго да: "Үч сааттан ашпасын" - деген мыйзам чыгарып койсо дедим эле. Андай болсо, тост сүйлөгөндөр да токтомок. Мисалы: Саат бешке чакырылгандар алтыга чейин чогулганча, фойедеги атайын "Белектерди кабыл алуу" деп уюштурулган жерге барышып, кошумчаларын, конверттерин берип каттатып, журналына кол коюп, баннердин алдындагы камерага каалоо-тилектерин жаздырып, видеого түшүшүп, бокалдарын кагышып коюшса. Анан үстүнө чыкканда, тамаданын он беш, жыйырма мүнөттүк театралдаштырылган программасын көрүп, аксакалдын сөзүн угуп, той ачылса. Андан кийин эч ким тос айтпай, элдер бири-бири менен эркин учурашып, ырчылардын ырын угуп, бийлеп, ызы-чууну сүйбөгөндөр алдыңкы этажга түшүп, суусундук ичип отура турушуп, анан эт жеп алышып, үч саатта тарап кетишсе, кандай гана сонун болоор эле.

Куран окуткан жерде бир саат, бир жарым сааттын ичинде биринчи, экинчиси, этинен өйдө тамактарын жеп-ичип, көптөн бери жолукпагандар менен чер жазыла учурашып, сүйлөшкөнгө жетишебиз го. Бул эми менин гана оюм. Кандай өткөрөрүн менден кыйын билгендер толтура. Бирок эң негизгиси убактысы үч сааттан ашпаса. Кандай дейсиздер?", - деп жазды Кыргыз Эл артисти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
02.07.2023. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эң туура сөз мен колдойм көптөгөн тойлорго эртеңки жумушуму ойлоп эле бара албай калам
03.07.2023. 04:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кумондорду албарсты басып атат экен деп Эми тойлорду да чектеп коелубу. 3 саатта кандай той болмок эле. Каалаганча отуруп, эс алып, ищи бары 3 саат эмес, 10минутада эле кетсин
03.07.2023. 05:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таксист бала негизи Кумондор туура эле айтып жатат, ким тойдо эс алып атат азыр? Согунуп барып согунуп келет, ичкендер дагы жыргаганынан ичип атат дейсинби!
03.07.2023. 04:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Албарстыларга азыраак барса эле баспайт
03.07.2023. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чектөөсүн билбеймин, бирок берки идеясы жакты. Той башталганча белектерин тапшырып, куттуктоо айта тургандар айтып турушса. Тамадалардын дагы орунсуз кылык-жоруктары тыйылса жакшы болмок
04.07.2023. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин оюмча ушул кафе дегенди жок эле кылуу керек пайдасы жок бул дүйнөдө да акыретте да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: