super.kg logo

Оштогу "Боорукердик" үйүнөн өрт чыкты

 

Оштун Кара-Суу районундагы Дыйкан-Кыштак айылынын Фергана көчөсүндө өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 2-июль күнү саат 19:36да аталган аймакта өрт чыккандагы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө №12 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 2 күжүрмөн эсеп тартылып, саат 19:50дө чектөөгө алынган. Ал эми саат 21:11де толук өчүрүлгөн.

"Өрттүн кесепетинен жалпы аянты 399 чарчы метр болгон Ош шаардык "Боорукердик үйүнүн" 198 чарчы метр аянтындагы 3 шкаф, 4 матрац, пианино, телевизор жана 10 даана отургуч күйгөн", - деп жазылат маалыматта.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.





видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: