super.kg logo

Курал Чокоев: "Бул жолу туулган күнүмдү көлдүн жээгинде тосуп жатам"

 

Бүгүн, 3-июлда эстрада ырчысы Курал Чокоев өзүнүн жеке майрамын белгилеп жатат. Ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышканыбызда маанайы мыкты экенин айтты. Бул ирет туулган күнүн көл жээгинде белгилеп жатканын кошумчалады.

"Туулган күндү түнкү саат 12ден өткөндөн баштап досторум менен биргеликте белгилеп баштаганбыз. Ал арада соицалдык тармак аркылуу дагы санаалаштардан, күйөрмандарымдан түрдүү жылуу пикирлерди алып жатам. Бүгүн маанайым өзгөчө. Кечинде жакындарым, досторумдун коштоосунда көлдүн жээгиндеги кафелердин биринде туулган күндү белгилөөнү уланталы деп жатабыз", - дейт ырчы.

Эскерте кетсек, ырчы Курал Чокоев Чүй облусунун Кара-Балта шаарында туулган.

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун театр жана кино факультетин аяктап, андан соң Улуттук консерваториянын оркестр факультетине тапшырган.

Репертуарындагы эл оозуна алынган ырлары: "Жалгызымсың", "Ты прости", "Оп майда", "Билип жүр", "Өмүр зымырайт", "Сейдакматтын ыры", "Кокон гилас" жана башкалар.

Кошумчалай кетсек, "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча Куралбек Чокоевдун аткаруусундагы "Билип жүр" аттуу ырынын клиби "2012-жылдын супер клиби" наамын алган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: