super.kg logo

Жантөрө Сатыбалдиев: "Чыңгыз Айтматов чыныгы элин сүйгөн адам катары элибиздин жүрөгүндө чоң революция жасай алды" (фоторепортаж)

 
Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдык мааракесин белгилөө аземи. "Ата-Бейит" мемориалдык комплекси. Эскерүү салтанатына келген улуу жазуучунун күйөрмандары.
Эскерүү аземине ар кыл курактагы ар кайсы тармакта иштеген адамдар келишти.
Эскерүү салтанатына келгендердин арасында экс-президент Роза Отунбаева да болду.
Эскерүү аземине келген меймандар.
Эскерүү учурунда Чыңгыз Айтматовдун арбагына багышталып куран окулду.
Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев залкар жазуучунун эстелигине гүлчамбар коюуга камынууда.
Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев менен экс-президент Роза Отунбаева залкар жазуучунун эстелигине гүлчамбар коюуга камынышууда.
Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев менен экс-президент Роза Отунбаева залкар жазуучунун эстелигине гүлчамбар коюуга бара жатышат.
Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдык мааракесин белгилөө аземи. "Ата-Бейит" мемориалдык комплекси. Эскерүү салтанатына келгендердин арасында өлкө башчылары да болушту.
Жазуучуну эскерген замандаштары анын эстелигине гүл коюшту.
Жазуучуну эскерген замандаштары анын эстелигине гүл коюшту.
"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясындагы Айтматовдун үй-музейи
Улуу жазуучунун алган сыйлыктары
Улуу жазуучу алган сыйлыктары
Жазуучунун иш столу
Чыңгыз Айтматовдун үй-музейиндеги бөлмөлөрдүн бири. Жалаң улуу жазуучунун сүрөттөрү илинген.
Чыңгыз Айтматовдун үй-музейиндеги бөлмөлөрдүн бири. Жалаң улуу жазуучунун сүрөттөрү илинген.
Чыңгыз Айтматовдун үй-музейиндеги бөлмөлөрдүн бири. Жалаң улуу жазуучунун сүрөттөрү илинген.
Улуу жазуучунун үй-музейин көрүүгө келген адамдардын арасында түркүн курактагы адамдар болушту.
Чыңгыз Айтматовдун үй-музейиндеги бөлмөлөрдүн бири. Жалаң улуу жазуучунун сүрөттөрү илинген.
Жазуучуга тиешелүү ордендер, медалдар.
Бүгүн, 12-декабрда Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде улуу жазуучуну эскерүү аземи болду. Ага КРнын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев КРнын Президентинин аппаратынын башчысы Данияр Нарымбаев, экс-президент Роза Отунбаева, жазуучулар, коомдук ишмерлер, окуучулар жана Чыңгыз Айтматовдун туугандары менен катар күйөрмандары катышышты.
Эскерүүдө Айтматовдун өмүр жолу,чыгармачылыгы жана тарыхта калтырган орду тууралуу сөз болду. Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев: "Чыңгыз агабыз өзүнүн бийик чыгармалары менен ар бир окурмандын,ар бир мекендештин жүрөгүнө жакшылыктын, адамгерчиликтин өчпөс руханий жалынын калтырып кетти. Ал чыныгы элин сүйгөн адам катары элибиздин жүрөгүндө революция жасай алды",- деди.
Эскерүү аземинде Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүлчамбар коюлуп, куран окулду.
Ошондой эле улуу жазуучунун күйөрмандары үчүн Чыңгыз Айтматовдун үй-музейи көрсөтүлдү. Бул
үй-музейинде жазуучу 1988-жылдан баштап өмүрүнүн соңуна чейин жашаган. Ага залкар жазуучунун документтери, сүрөттөрү, пайдаланган буюмдары коюлган. 
Жазуучунун жубайы Мария Айтматова: “Музей расмий түрдө ачыла элек. Учурда аны иштетүүгө тиешелүү документтер чогултулуп, баары даяр турат. Эгерде эл музей керек десе, анда мыйзам долбоорун иштеп, расмий ачылышын жасайбыз”,- деп билдирди.
Белгилей кетсек, улуу жазуучунун көзү тирүү болгондо бүгүн, 12-декабрда 85 жашка чыкмак.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
12.12.2013. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
музей кайсы даректе жайгашкан?
12.12.2013. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызды дуйно жузуно тааныткан Чынгыз агабыздын арбагы ыраазы болуп, бейиштен оорун алсын!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: