super.kg logo

Ош шаарында ӨКМ кызматкерлери сыйланды (сүрөт)

 

Бүгүн, 4-июлда Ош шаарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулар күнүнүн 32 жылдыгына жана өрт өчүрүүчүлөр күнүнүн 97 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалым болгондой, иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов, ӨКМнын Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Алтынбек Абылаев жана аталган министрликтин кызматкерлери катышты.

"Замир Юсупов өз өмүрүн тобокелге салып, адамдардын өмүрүн сактап калууга, табигый жана техногендик кырсыктардын кесепеттерин жоюуга өз өмүрүн арнаган куткаруучулардын өзгөчө эмгегин белгилеп, сыймыктуу кесип ээлерин майрамы менен куттуктады", - деп жазылат маалыматта.

Иш-чаранын алкагында күжүрмөн эмгеги менен айырмаланган 43 кызматкер, анын катарында Түркиядагы катуу жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга катышкан 8 куткаруучу Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен сыйланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: