super.kg logo

Эрбол Султанбаев "Мегаком" мамлекеттин карамагында каларын айтты

 

"Альфа Телеком" же MEGA ишканасы сатылса деле мамлекеттин карамагында калат. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбук баракчасына жазды.

"Альфа Телеком" (Mega) ЖАК боюнча мамлекеттин пландары өзгөргөн жок. Учурда компанияга аукцион жарыяланды, ага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы катышып, уюлдук операторду сатып алууну пландоодо. Муну менен компания мамлекеттин карамагында калып, өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө өз салымын кошуусун улантат", - деп жазды Султанбаев.

Белгилей кетсек, буга чейин Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги "Альфа Телекомдун" мамлекеттик үлүшүн аукционго коюп, анын баштапкы суммасы - 14 миллиард 600 миллион сом деп белгилеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: