super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Ак-Өргөдө таштандылар бүгүн түнү менен алынат"

 

ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө 3-июлда кайрылган окурман Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушунда таштандылар убагында алынбай жатканын айткан.

Тургун: "Тазалыктын" кызматкерлери бирде келип, бирде келбей тажатты. Негизи жума сайын келип, таштандыларды өз убагында келип алып кетиши керек эле. Мына таштандылар үйүлүп, жыттанып жатат.

Төлөм дагы 1-июлдан тарта кымбаттады деген. "Тазалыкчылар" келбеген жумасына деле акчаны чогултуп алып жатышат. Жок дегенде таштандыны алып кетпеген жумасына төлөмдү албай эле коюшса жакшы болмок" деген.

Бул боюнча "Тазалык" муниципиалдык ишканасына байланыштык. Мекемеден таштандылар бүгүн түнү менен алынарын билдирди.

"Аталган конушта 7 атайын техника бузулуп калган. Эми ошонун баарын оңдоп чыктык. Таштандылар бүгүн түнү менен болсо да алынат", - деп билдиришти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: