super.kg logo

Жалал-Абад шаарындагы Назаров көчөсү кеңейтилүүдө

 

Жалал-Абад шаарындагы Калил Назаров көчөсүн реконструкциялоо иши башталды. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирет.

Маалым болгондой, учурда аталган көчөнүн эски асфальты алынып, жаңы асфальт төшөөгө даярдоо иши жүрүп жатат. Аталган көчөнүн узундугу 500 метрди түзөт. Жолдун учурдагы унаалар жүрүүчү негизги бөлүгү 8 метр болсо, алдыда 19 метрге кеңейтилип, 6 катар унаа жүргөнгө шарт түзүлөт.

Мындан сырткары, жолдун бир тарабына веложолу менен кеңдиги 3,5 метрди түзгөн тротуар, экинчи тарабына кеңдиги 2 метрди түзгөн тротуар курулат. Ошондой эле темир-бетон арык куурларын жаткыруу, жарыктандыруу жана көрктөндүрүү иши жүргүзүлөт.

Калил Назаров көчөсүн реконструкциялоо жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө. Курулуш ушул жылдын октябрь айына чейин бүткөрүлөт.

Белгилей кетсек, ушул жылы Жалал-Абад шаарына жалпы 13 чакырым тротуарга жана 20 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган. Мындан сырткары, шаардан “Жалал-Абад” санаториясына чейин веложол курулат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: