“Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” кинофестивалы башталды



"Манас" кинотеатры

Фестивалдын ачылышынын алдында, уюштуруучулар, калыстар тобу маалымат жыйынын өткөрүштү

Калыстар тобунун мүчөсү режиссёр Темир Бирназаров

Орусиялык кинорежиссёр, сценарист Лариса Садилова калыстар тобунун төрайымы

Фестивалдын ачылышында тасма талаасын чагылдырган сценка коюлду

Фестивалдын ачылышында тасма талаасын чагылдырган сценка коюлду

Алгач конкурска катыша турчу тасмалар көрүүчүлөргө тааныштырылды

Кыргызстан кинематографисттери бирикмесинин жетекчиси Садык Шер-Нияз чыгып сөз сүйлөдү

Эл аралык жана улуттук конкурска катышып жаткан тасмалардын режиссёрлору

Фестивалга келген коноктор
“Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” кинофестивалы башталды. Фестивалдын ачылыш аземинде атайын сахналаштырылган сценка коюлуп, тасма талаасы чагылдырылды. Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Кыргызстан кинематографисттери бирикмесинин жетекчиси Садык Шер-Нияз "Мына ушул сыяктуу иш-чаралар менен Кыргызстандын имиджин көтөрсө болот" деди.
"Мына, биздин жаш режиссёрлор кыргыз киносу жашап жатканын далилдеп жатышат. Алар тарткан тасмалар ар кандай эл аралык фестивалдарда байгелүү орундарды алып келишүүдө. 5-10 жылдан кийин Кыргызстан кыска метраждуу тасмалардын бренди болот" деп кошумчалады Садык Шер-Нияз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.