Баткенде Тажикстанга кирип кеткен 6 баш бодо мал кайтарылып алынды (видео)
Баткенде Кыргызстан менен Тажикстандын милиция кызматкерлери сүйлөшүп, кыргыз тарап тажик тарапка кирип кеткен малын кайтарып алды. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда Баткен ОИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Баткен районунун Көк-Таш айылынын 30 жаштагы С.С. аттуу тургунунун 6 баш малы СМУ участкасы менен чектешкен Тажикстандын Чорку айылына 8-июлда кирип кеткен. Ага ылайык, Көк-Таш айылдык милиция бөлүмчөсү менен Согди облусунун Исфара-2 РИИБинин милиция кызматкерлеринин сүйлөшүүлөрүнүн негизинде 9-июлда кыргыз тараптын тажик тарапка өтүп кеткен бодо малы кайтарылып, өз ээлерине тапшырылды.
"Эки өлкөнүн милиция кызматкерлери чек ара аймактарында эки элдин ортосунда ар кандай пикир келишпөөчүлүктөрдүн жана улуттар аралык чыр-чатактардын алдын алып, чек ара тилкелеринде жашаган тургундарга мал-жандыктарына сак болуусун эскертип, коомдук коопсуздукту көзөмөлдөөнү колго алган", - деп айтылат маалыматта.
Баткенде кыргыз тарап тажик тарапка кирип кеткен малын кайтарып алды
