super.kg logo

"Куураган эл болдук го". Балбак Түлөбаев көл жээгин тосуп алгандарга нааразы болду

 

Ысык-Көлдө тургундардын пляждарга эркин кирип-чыгуусуна тоскоолдук жаратып, акча талап кылгандардын жоругу уланууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев социалдык баракчасына жазды.

"Калайык! Президентибиз пляждарды элге ачып жатса. Тоңдо элдин пляжын минтип жаап, акча талап кылып жатышат. Кеклик пляжы. Куураган эле эл болдук го! Тоңдун эли жалгыз ушул жерге түшөт. Элдики бул", - деп жазды эл өкүлү.
Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров “Ысык-Көл облусундагы калктуу конуштардын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө” Жарлыкка кол койгон. Ага ылайык пляждардын коргон-тосмолорун алуу иштери кызуу жүрүп, көптөгөн аймактар тосмолордон тазаланган. Өлкө башчысы айрым жерлердеги тосмолорду алуу иштери кечиктирилип жатканы үчүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө сөгүш берген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.07.2023. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи менчик жерлерге тейбеш керек. Муниципалдык пляжтар болушу зарыл, жергиликтуулор ошол жака барып каалашынча тушо беришсин бекер.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: