super.kg logo

Ысык-Көлдө адашып кеткен Орусиянын жаранына милиция кызматкерлери жардам беришти (сүрөт)

 

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери адашып кеткен орусиялык эс алуучуга жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалымдалгандай, Орусиядан келген Александр Бостери айылындагы көл жээгинде жашы жете элек эки баласы менен бирге эс алууга барган. Алар 9-июлда Бишкек шаарында жашаган агасына бара жатышып, автобекетти таба албай адашып кетишкен. Ошол учурда унаа менен кайгуул иштерин жүргүзүп жүргөн милиция кызматкерлеринен жардам сураган.

Ага ылайык, Ысык-Көл ОИИБнын инспекторлору Таалайбек Мамбетакунов менен Нургазы уулу Азамат туристти балдары менен бирге автобекетке жол тарткан учурда, туристтин ден соолугу начарлаган. Милиция кызматкерлери ошол замат аны дарыгерге алып барышкан.

Турист дарыгердин текшерүүсүнөн өткөндө ден соолугунда эч кандай коркунуч жок экендиги аныкталып, милиция кызматкерлери аларды Бишкекке кетчү унаага салып жиберишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: