Ошто "казинодо он миң долларын уттуруп жиберди" делген окуя боюнча милиция үн катты
Ош шаарындагы бинардык опциондо кыргыз жаранынын ири өлчөмдө акча уттуруп алуусу боюнча иликтөө башталды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда SUPER.KG порталына Ош ШИИБинен билдирди.
Маалым болгондой, кечээ Аваз Номанов аттуу жаран өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Ош шаарында "RingoTrade" аталыштагы кумар ойноочу жай (казино) иштеп жаткандыгын билдирип кайрылган. Аталган кайрылуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, иликтөө башталган.
Башкармалыктан билдиргендей, окуя боюнча юридикалык баа берилип, кошумча маалымат берилет.
Эске салсак, Аваз Номанов аттуу жарандын Оштогу бинардык опциондо кыргыз жарандарынын ири өлчөмдө акча каражаттарын уттуруп алганы боюнча айткан видеосу тараган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-12

22:48
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.