Чүй облустук ооруканасына профессор Эрнст Акрамовдун ысымы ыйгарылды

Маалыматка караганда, Эрнст Акрамовдун ысымы облустук ооруканага Министрлер Кабинетинин көрүнүктүү ишмерлердин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиянын чечиминин негизинде ыйгарылган.
Министрликтен билдиришкендей, Акрамовдун хирургиянын өнүгүшүнө олуттуу таасирин тийгизген хирургиялык практикага жана дарылоонун инновациялык ыкмаларын өнүктүрүүгө кошкон салымы жана жетишкендиктери эске алынган. Ошондой эле профессордун тажрыйбасы жана чеберчилиги медициналык практиканын кесипкөйлүгүн жана жогорку сапатын аныктоодо үлгү экени баса белгиленген.
Эске салсак, Эрнст Акрамов Кыргыз Республикасынын Баатыры, белгилүү хирург, профессор жана медицина илимдеринин доктору. Ал учурда 87 жашта, бир нече эл аралык сыйлыктардын ээси. 1989-1992-жылдары СССР эл депутаты болгон, 2007-жылы Жогорку Кеңештин 4-чакырылышына депутат болуп шайланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-12

22:48
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.