Бишкекте бир күндө 500дөн ашык мыйзамсыз көрнөк-жарнактар алынды






Бишкекте тышкы көрнөк-жарнактарды иретке келтирүү боюнча рейддер уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Биринчи Май районунда жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо иштери жүргүзүлдү. Анда Ж.Абдрахманов көчөсүнөн Манас проспектисине чейин Ж.Бөкөнбаев, Т.Сатылганов, Киев көчөлөрү жана Чүй проспектисине, ошондой эле Жибек-Жолу проспектисинен Логвиненко көчөсүнө чейин рейд жүргүзүлүп, жалпы 350гө жакын жарнама конструкциялары алынып салынды.
Ал эми кечинде П.Лумумба көчөсү менен Профсоюз көчөсүнөн Д.Сяопин проспектисине чейин рейд өткөрүлүп, 221 мыйзамсыз орнотулган көрнөк-жарнактар алынды.
Маалыматта, Буга катар эле Бишкек шаарынын архитектуралык-көркөм жана эстетикалык көрүнүш эрежелерин сактоо боюнча техникалык тейлөө станцияларынын жана жарнактардын ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул багытта иштер уланып жатканы айтылды.


