super.kg logo

Жалал-Абад ОИИБинде бир катар оӊдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү

 

Жалал-Абад ОИИБинде бир катар оӊдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү.

Мекеменин басма сөз кызматынан билдиргендей, "Коомдук кабылдама" ачылып, заманбап техникалык жабдуулар менен камсыздалды. Коомдук кабылдамага кайрылган жарандардын арыз-даттануулары электрондук түрдө кабыл алынып, тиешелүү кызматкерлерге жеткирилип, ыкчам чаралар көрүлүп, жетекчиликтин көзөмөлүнө алынууда.

"Башкармалыктын имаратынын биринчи жана экинчи кабаттарына туш кагаздар жабыштырылып, астына сары таш төшөлдү. Имараттын арткы жана каптал жагы, кампа тарабы сырдалды. Кызматкерлер окуу-машыгуусун өткөрүүчү аянтчага асфальт төшөлүп, жаӊыдан сызыктары чийилди.

Санариптештирүү багытында Жалал-Абад облусунун аймагына адамды жүзүнөн тааный турган камераларды коомдук жайларга орнотуу жумуштары жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте ишке ашырылат. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин депутаттарынын колдоосу менен мэриядан 5,5 миллион сом акча каражаты шаар аймагында эл жыш чогулган 22 жерге 48 даана видеобайкоо камералын орнотууга бөлүнүп, азыркы учурда тендерге берилди.

Быйыл жыл башынан бери Жалал-Абад облустук милициясына 12 даана автоунаа алынды. Мындан сырткары облус аймагында ички иштер органдарынын ардагерлерине кам көрүү жагы дагы колго алынды. Ардагерлер ИИМ тарабынан берилген жолдомолор менен Ысык-Көлдөгү “Аалам” жана “Дзержинец” пансионаттарында эс алышууда жана ИИМдин медалдары менен өз убагында сыйланып жатышат. Ал эми кызматкерлердин жана ардагерлердин балдары Арстанбаптагы “Келечек” лагеринде эс алышууда. Быйылкы жылы 400 баланы эс алуу пландаштырылып, 10-июлда экинчи агым менен балдар жөнөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: