1-сентябрда салыктарды төлөөнүн мөөнөтү аяктайт
Мамлекеттик салык кызматы бир катар салыктарды төлөө мөөнөтү жакындаганын эскертет. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, жарандар унаа каражатына, жашаган үйүнө же батирине, үйдүн алдындагы, короо-жай жанындагы бак-чарба жер участокторунун салыгын 1-сентябрдан кечиктирбестен төлөшү керек.
Салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5 миң сом суммасында айып каралган.
Салыктарды салык органына барбай эле онлайн төлөөгө болору айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-12

22:48
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.