super.kg logo

"Кырсык каш-кабактын ортосунда". Быйыл 60тан көп адам сууга чөгүп көз жумду (статистика)

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча ушул жылдын январь айынан баштап 11-июлга чейинки аралыкта өлкө ичинде жалпы 62 адам сууга чөгүп каза болду. Ал эми 2022-жылдын 11-июлуна чейинки аралыкта 40 адам каза болгон. Бул дегенибиз быйыл былтыркы жылга салыштырмалуу сууга чөккөндөрдүн саны 33 пайызга өскөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статистикасы боюнча 2022-жылы жалпы 85 адам каза болгон.

Министрлик кырсыктын негизги себеби сууга түшүүгө тыюу салынган объекттер деп эсептейт. Алар: каналдар, көлмөлөр, дарыялар, суу сактагычтарга түшүү, мас абалында суу жээгинде эс алуу болуп саналат.

Сууга чөгүп кетпөөнүн алдын алуу боюнча ӨКМ жыл сайын кыш жана жай мезгилдеринде калкка суу коопсуздук эрежелери тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишет. Министрлик жаш балдардын сууга чөгүп кетүүсүнүн себеби чоң адамдардын көзөмөлүсүз сууга түшкөн учурлар саналарын эске салып келет.

Куткаруучулардын айтымында, эң алгачкы нерсе бул жарандардын кайдыгерлик кылып тыюу салынган суу аянттарына түшүүсү. Буга байланыштуу мекеме сууга түшүүнүн бир канча эрежелерин атап өттү.


Сууга түшүүнүн эрежелери:

- агын сууларга, көлмөлөргө сууга түшүүгө тыюу салынат;

- сууга чоңдордун, ата-энелердин көзөмөлүндө гана түшүү керек;

- мурда көрүп-билбеген, балыры көп жерге түшүүгө болбойт. Суунун тереңдиги көрүнбөйт. Бутка оролгон балыр сууга түшүүгө тоскоолдук жаратып, чөгүп кетүүгө жол ачат.

- Алыс сүзбө;

- мас болуп сууга түшкөнгө болбойт;

- баланы суу боюнда кароосуз калтырбаш керек;

- кайык, моторлуу кайыктын артынан кубалап, асылууга, жабышууга болбойт;

- күн бүркөктө же катуу шамал башталганда сууга түшүүдөн абайлоо абзел;

- үйлөмө матрац, жаздыкча, дөңгөлөктүн камерасында сүзүүгө болбойт. Ал жарылып кетсе, адам терең жерге түшүп кетүүсү ыктымал;

Сууда сүзгөндү билбегендер үчүн кеңеш:

- сууга чөгө баштаганда өзүн жоготпой, дүрбөлөңгө түшпөй, тынч кармаса, адам өзүн-өзү сактап калууга мүмкүнчүлүк түзүлөт;

- кескин кыймыл жасабоо керек, анткени суу оозго, өпкөгө тез толуп, буттун тарамыштары түйүлүп калат;

- терең дем алып, абаны өпкөдө 30 секунддай кармоого аракет кылса натыйжалуу болот.

Кайыкта болсоңуз:

- кароосуз калган жана техникалык жактан оң болбогон кайыктарды пайдаланбаңыз;

- мас абалда кемеге түшүп сейилдебеңиз;

- сууда сүзүп бара жатып, бир кайыктан экинчи кайыкка олтурбаңыз;

- караңгы киргенден кийин кайык, катер, катамаран колдонбоңуз.

Эгер сиз:

- чарчап турсаңыз;

- ачка болсоңуз;

- суусап турсаңыз;

- ооруп айыксаңыз;

- спирт ичимдиктерин ичсеңиз сууга түшпөй эле койгонуңуз дурус.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: