Караколдо жаңы жолдун сапатсыз курулгандыгынан мамлекетке 1,7 миллион сом зыян келди



Караколдогу жолдун сапатсыз курулушунан мамлекетке 1 миллион 792 миң 887 сом өлчөмүндө зыян келтирилген. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун прокуратурасы тарабынан Каракол шаарынын Кыдыр-Аке көчөсүнүн 1,4 чакырымдагы жолду реконструкциялоо боюнча текшерүү жүргүзүлгөн.
"Дирекциянын айрым кызмат адамдары өз кызмат абалдарын кыянаттык менен пайдаланышып, аткарылган иштердин көлөмүн ашыкча баалап, аталган жол сапатсыз жасалгандыктан 6 айга жетпей бузулуп калган. Мындан улам мамлекетке жалпысынан 1 миллион 792 миң 887 сом акчалай түрдө зыян келитирилгендиги аныкталган", - деп жазылат маалыматта.
Бул факт боюнча Ысык-Көл облустук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.


