super.kg logo

Мексикада полиция кызматкерлерине кол салууда 6 адам каза тапты 

 

Мексикада полиция кызматкерлерине кол салуу болуп, 6 адам каза тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, окуя Халиско штатындагы Тлажомулко шаарында катталган. Анда полиция кызматкерлеринин унаасы жолдо бара жатканда жарылуу болгон. Натыйжада 6 полиция кызматкери каза болуп, 12 адам жаракат алган.

Халиско штатынын губернатору Энрике Альфаро окуяга байланыштуу билдирүү таратып, кол салууну уюшкан кылмыштуу топ тарабынан уюштурулган террордук акт экенин айткан.

Ал эми окуя болгон жерге бир нече медицина кызматкерлери жөнөтүлүп, жаракат алгандар ооруканага жеткирилген.

Тергөөнүн жүрүшүндө полиция кызматкерлери аталган аймакка бир нече адамдын жансыз денеси бар деген маалымат боюнча чара көрүү үчүн бара жатканы жана жолдо аларга кол салуу болгону аныкталган. Учурда шектүүлөрдү кармоо үчүн иш-чаралар жүргүзүлүп жатканы айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: