super.kg logo

Дагы бир белгилүү блогер Эртай Искаков кармалды

 
Сокулук районунда жолду мыйзамсыз тосууну уюштурууга шектүү катары белгилүү блогер жана бейбаштыкка шектүү катары эки жергиликтүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 14-июль күнү саат 20:30 убакытта Сокулук районуна караштуу Селекция айылында Түштүк Магистраль жолун жоон топ адамдар тосуп алып, автоунаалар өтө албай калгандыгы жөнүндө Сокулук РИИБтин нөөмөт бөлүмүнө маалым болгон.
Сокулук РИИБтин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барган учурда, жүздөн ашык жаран жолду тосуп автоунааларды өткөзбөй жатканы такталып, ал жарандар Селекция айылынын тургундары экендиги жана таза суу маселесин чечүү үчүн жолду тосуп алгандары аныкталган.
Жолду тоскон жарандар менен ИИМдин жетекчиликтен жоопту, Чүй ОИИББнын жана Сокулук РИИБтин жетекчилиги өздүк курам менен, Сокулук районунун акими жана Бишкек шаарынын суу чарбасынын башчысы келип түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бирок ал жарандар милиция кызматкерлери тарапка таш ыргытып, баш ийбей жолду тосууну улантышкан.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен автоунаа өтүүчү жол 15-июль күнү түнкү саат 02:00дө ачылып, чогулган эл тараган. Аталган окуя боюнча маалымат Сокулук РИИБтин электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.
Тергөөгө чейинки текшерүү ишинин жүрүшүндө төмөнкү жагдай такталган.
"Селекция айылынын Сары-Өзөн аттуу жаңы конуштун тургундары ар кандай маселелерди талкулоо жана чечүү үчүн түзүлгөн вотсапп группасы аркылуу, акыркы учурда көйгөйлүү болгон суу маселесин дагы талкуулап келишкен. Ал вотсапп граппага ар кандай маселелерди коомчулукка алып чыгып жүргөн белгилүү блогер Эртай Искаков кошулуп, суу маселеси боюнча болуп жаткан талкууга катышып, жергиликтүү тургундарды радикалдуу кыймыл аракет жасабаса суу маселеси чечилбесин баса белгилеп “жолду жабуу” керектигин айткан жана ал өзү өзүнүн социалдык тармактардагы жеке баракчалары аркылуу колдоо көрсөтөөрүн айтып, жолду жабууга үгүттөгөндүгү такталды.
Текшерүү учурунда Селекция айылындагы автоунаа жолун жабуу, бул атайын уюштурулган жана ишке ашырылган иш-чара экендиги такталган", - деп билдиришти облустук милициядан.
Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы менен аталган окуяда кылмыш-жаза кодексинин 279-беренесинде (Жолдорду мыйзамсыз тосуу) жана 280-беренесинде (Бейбаштык) көрсөтүлгөн кылмыш курамынын белгилери бар экендиги такталып кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү катары 1990-жылы туулган Э.И. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Ал эми шектүү катары дагы эки жаран, 1974-жылы туулган Б.Б. жана 1972-жылы туулган Б.Б. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө улантылып жатат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
16.07.2023. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вой филла пиздес эле болуп кетишти го бул бийлик
16.07.2023. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырас болот мыйзамга баш ийиш керек, Президент да Аллахтын каалоосу менен болот, бийлик жаман дей бербей, адам биринчи өзүн оңдош керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: