super.kg logo

Ысык-Көлдө түрк дүйнөсүнүн сүрөтчүлөрүнүн симпозиуму башталды

 
Ысык-Көлдүн түштүк тарабында Түрк дүйнөсүнүн сүрөтчүлөрүнүн симпозиуму башталды. Бул тууралуу ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Султан Раев социалдык тармактагы баракчасында бөлүштү.
Маалыматка караганда, аталган иш-чарага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия, Түркмөнстан, Түндүк Кипрден 20дан ашуун сүрөтчүлөрү катышууда. Алардын арасында кыргызстандык Сыдыгалы кызы Арууке, Сейитбек кызы Таалайкүл, өзбекстандык Садырбаев Саитбек, казак сүрөтчүсү Гүлназ Өмүрзак сыяктуу бир нече сүрөтчүлөр бар.
"Он күн бою сүрөтчүлөр Ысык-Көлдүн керемет жерлерин, кооз жаратылышын, тарыхый, ыйык жерлерин май боёк менен тартып, кооздуктун өзгөчө маанайын жаратмакчы. Сүрөтчүлөрдүн арасында дүйнөгө таанымал азербайжандык Сакит Мамедов, түркиялык Рафик Азиз, казакстандык Сейсенхан Маханбет, кипирдик Ахмет Карагөз, ошондой эле белгилүү жаш кыл калем чеберлери бар. Алар Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде, Кажы-Сай, Барскон, Салкын-Төр, Сырт жайлоосу, Мынжыл-Ата, Жети-Өгүз, Каракол шаарында картиналарды тартмакчы", - деп жазылган маалыматта.
Эскерте кетсек, симпозум ТҮРКСОЙ эл аралык уюму тарабынан уюштулуруп жатат. Иш-чаранын акырында сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү Кажы-Сайдагы заманбап сүрөт музейинде ачылып, эмгектер түрк өлкөлөрүнүн шаарларындагы көргөзмөлөргө коюлат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: