Эми окуучулар колдонуучу дептерлер Кыргызстанда чыгарылат
Мындан ары окуучулар колдонуучу окуу дептерлери Кыргызстандан чыга баштайт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев кечээ, 18-июлда өткөн коллегияда айтты.
Анын айтымында, буга чейин окуу дептерлери Өзбекстан жана Орусиядан алынып келчү.
"Жылына 15 миллион дептерди чет жактардан ташып келчүбүз. Эми өзүбүздөн улуттук баатырлардын, атактуу инсандардын сүрөттөрү тартылган дептерлер чыга баштайт. Бул улуттук патриоттук деңгээлди жана улуттук өндүрүштү да көтөрөт", - деди министр.
Ошондой эле Иманалиев Кембридж университети менен окуу китептерин басып чыгаруу боюнча меморандумга кол коюлганын, быйыл 600 миң окуу китеби басылып, 1-сентябрда пайдаланууга берилерин кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:58
2025-07-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.