Балыкчы шаарынын кире беришинде башаламан балык саткандар алынууда (фото)




Ысык-Көлдө жол тыгындарын болтурбоо максатында, Балыкчы шаарынын мэринин катышуусунда, шаардын күн батыш тарабындагы айланма жолунун (круговое движение) четиндеги башаламан соода кылган сатуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө сатуучулардын жол бөлүктөрүнө жакын жерге башаламан соода кылгандыктан автоунаалар иретсиз токтоп, жыйынтыгында жол тыгындары орун алып жаткандыгы баса белгиленип, туристтик мезгил учурунда мындай терс көрүнүштөр эс алууга келген меймандардын жолдо жүрүүсүнө тоскоолдуктарды жаратып жаткандыгы тууралуу айтылды.
Жыйынтыгында аталган аймактагы сатуучулар жагдайды туура түшүнүп, автоунаа жол жээктеринен алыстап, автоунаалардын жолдо жүрүүсүнө тоскоолдук болбогон жерге жылып соода кылууга макул болушуп, жол жээктердеги баш аламан соода иштери токтотулуп, аталган аймактагы жол тыгындарын болтурбоо иштери кошумча көзөмөлгө алынды.
