Бишкек-Балыкчы поездиндеги "ВИП" вагондун жол кире акысы белгилүү болду




Бишкек-2 - Балыкчы багыты боюнча каттай турган "ВИП" вагон 21-июлдан тарта каттай баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда "Кыргыз темир жолу" ишканасынан кабарлашты.
Маалымдалгандай, вагондун жол акысы чоңдорго - 800 сом, балдарга - 400 сом.
От араба "Бишкек-2" бекетинен саат 07:40та чыгып, "Балыкчы" бекетине саат 11:46да жетет. Ал эми артка саат 17:48де чыгып, 21:54тө келет.
"Вагондун улуттук стилде жасалган ички жасалгасы маанилүү элемент болуп саналат, андыктан дубалда кыргыз элинин байыркы оюулары түшүрүлгөн этникалык стилдеги панно жайгашкан. Вагондо кыргыз оюулар менен кооздолгон жумшак дивандар, жаздыктар жана пардалар жагымдуу атмосфераны тартуулайт", - деп жазылат маалыматта.
Мындан тышкары, жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн «ВИП» классындагы вагондо кыш-жай кондиционер тутуму, стерео система, телевизор жана wi-fi орнотулган. Ошондой эле суусундуктар үчүн муздаткыч бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:58
2025-07-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.